super.kg logo

Вице-премьер Сурабалдиева Чүй облусундагы бир катар билим берүү объектилеринин абалы менен таанышты

 

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Чүй райондук балдар чыгармачылык борборунун иши менен таанышты, анда 19 ийримде 700дөн ашуун бала тарбияланат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Эльвира Сурабалдиеванын Токмок агроөнөржай колледжинин бош турган имараттарын кыдырып чыкты. Колледждин бир имаратын интернат мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн жатакана катары кайрадан түзүп чыгуу, ал эми экинчисин балдар билим берүү борборуна берүү пландаштырылууда. Андан соң ал катаал турмуштук абалда калган балдар үчүн кризистик борборду ачуу пландаштырылып жаткан «Затейник» балдар борборуна барды. Тармактык түзүмдөргө балдар борборунун жетекчилигине келип чыккан маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү, имаратты Кант шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү процессин тездетүү тапшырылды.

Мындан тышкары, жумушчу сапардын жүрүшүндө Эльвира Сурабалдиева Ысык-Ата районундагы кышкы спорт түрлөрү боюнча балдардын спорттук мектебине барды.

Вице-премьер-министр тийиштүү органдарга мекемени спорт комплекси катары кайрадан түзүү жана аны Кант шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: