Кечке жуук Бишкектин жарым бөлүгү электр жарыгысыз калды. Шаар тургундарынын билдирүүлөрү

Бишкектин бир катар аймактары жарыксыз калды. Даттануулар шаардын ар кайсы бөлүгүнөн келип жатат. Чалуулар шаардын борбордук бөлүгүнөн да, чет жакаларынан түшүп жатат. Мындай маалымат "Бишкек бүгүн" телеграм каналында жазылган.
Анда кечке жуук саат 18:00 чамасында Бишкек шаарынын ар кайсы бөлүгүндө электр жарыгы өчүп баштаганы жана шаар тургундары РЭТтерге (райондук электр тармактары) байланыша албай жаткандары жазылган.
Телеграм-каналда биринин артынан бири жарык жок экенин жазган шаар тургундарынын билдирүүлөрүнөн:
- Саламатсыздарбы! Айни-Псковская көчөлөрүндө эмне себептен электр жарыгы өчүп калды? билгендер барбы?
- "Кызыл-Аскерде" жарык өчтү.
- "Көк-Жар" да жарыксыз отурат.
- Салам. "Чыгыш-5те" электр жарыгын өчүрүштү.
- "Көк-Жар" айылында да свет жок.
- Москва-Ибараимов көчөсүндө да электр жарыгы жок.
- "Достук" кичирайону жарыксыз отурат.
- ""Түндүк электр" алардын шаймандары иштеп жаткандарын айтышты. Маселе электр тармактарында болушу мүмкүн экен.
- "Батыш РЭТке" чалып жатабыз. Үч номерге тең үн сигналдары кеткен жок.
- "Учкун" кичирайонунда свет жок.
- "Ала-Тоо" совхозунда жарык да, суу да жок.
- "Достук" кичирайонунда биздин үй бүлө электр жарыгы менен жылынат. Түн ичинде тоңуп калабыз го.
- "Аламидин -1" де да жарык өчүрүлдү. Шаардын жарымы жарыксыз калды. Дагы бир нерсеси өрттөнүп кеткен жокпу?
- "Жал" айылында да жарык өчтү.
- "Калыс-Ордо" конушунда суу жок.
- Бул жактагы билдирүүлөрдү окусам, тандалма аймактарда гана жарык калгандай сезилет экен.
- "Тунгуч" кичирайонунда суу жок.
- Манас-Щербаков көчөлөрүндө да жарык өчүрүлдү.
- "Ак-Ордо" конушунда жарык өчтү.
- Алма-Ата-Айланма жолдо жол чырак бүлбүлдөп араң күйүп турат.
- "Пригородное" айылында жарык жок.
- "Аламүдүн" айылында жарык жок.
Мындай билдирүүлөр чыккандан кийин саат 19:35тен баштап жарыксыз калган кээ бир аймактарда электр жарыгы бериле баштаганы тайпанын мүчөлөрү жазышты. Кээ бир жерлерге жарык кечки саат 22:00дө берилгени маалым болду. Ал эми мындай массалык өчүрүүнүн себебин билүү азырынча мүмкүн боло элек. Маалымат толукталат.

