Өзбек ырчысы Жасур Умиров өспүрүм кызды зордуктады деп айыпталууда
Өз өлкөсүндө белгилүү болгон өзбек ырчысы Жасур Умиров жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого шектелүүдө. Өзбек басылмаларынын маалыматына ылайык, Самарканд облустук прокуратурасы ырчынын ишин 5-январда облустук сотко өткөрүп берген.
Маалыматта айтылгандай, 34 жаштагы Жасур Умиров өткөн жылдын 21-декабрында лицейде билим алган 16 жаштагы окуучуну зордуктоо фактысы менен кармалып, камакка алынган. Ага "18 жашка чыга элек өспүрүмдү атайылап зордуктоо" беренеси менен айып тагылган. Бул берененин негизинде ырчы 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
"Самарканд облустук прокуратурасынын маалыматы боюнча, ырчынын күнөөсү чогултулган материалдардын, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарынын негизинде далилденген. Мындан тышкары жалган көрсөтмө бергендиги жана кылмышты жашырууга аракет кылгандыгы үчүн эки адамга айып тагылды.
Жабырлануучу кыз өзүнүн көрсөтмөсүндө ырчы ага алкоголдук ичимдикти кыйнап ичирип, андан кийин жыныстык катнашка барганын айткан. Ошондой эле өспүрүмдү ырчынын тааныштары мүрзө жакка алып барып бычак менен коркутканы, кийинчерээк Жасур Умиров кызды дагы зордуктаганын билдирген.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине комментарий берген Жасур Умиров эч ким эч кимди кыйнабаганын, баары каалоо менен болгон деген. Ырчынын айтымында, окуя болордон мурда кыз 19 жашта экенин айткан. Өспүрүмдүн атасы шантаж кылып, ырчыга үй алып бер деген талап койгон", - деп айтылат маалыматта.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:26
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
amirrus

06.01.2021. 14:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тебе хаана артист
Asmat84

06.01.2021. 16:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким билет подстава да болушу мүмкүн
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.