Билим берүү министрлиги Екатеринбургдагы китепкана борборунун кыргыз адабияты бурчуна китептерди тапшырды
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Орусиянын Екатеринбург шаарындагы китепкана борборунун "Кыргыз адабияты бурчуна" китептерди тапшырды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-декабрында, Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын Кайчылаш жылынын алкагында, Кыргыз өлкөсүнүн Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу менен Маалыматтык Екатеринбург китепкана борбору муниципалдык бюджеттик маданий мекемесинин ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө келишим түзүлгөн.
"Келишимде Екатеринбург китепкана борборунда кыргыз адабиятынын бурчун ачуу белгиленген. Ал Екатеринбург шаарынын коомчулугунун кыргыз көркөм адабияты, маданияты улуттук элдик чыгармачылыгы менен таанышуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары аталган бурч Екатеринбургда жашаган мекендештерибиз үчүн маалыматтык жана маданий ресурс болуп калууга багытталган", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин башкы консул Руслан Бийбосунов Билим берүү жана илим министрлигине Кыргыз өлкөсү тууралуу көркөм, тарыхый китептер, элдик кол өнөрчүлүк, видеотасма жана башка материалдар боюнча көмөк көрсөтүү жагын өтүнүп кат жолдогон.

