super.kg logo

Кытай жаңы катталган коронавирусту изилдөө үчүн бара турган ДССУнун эксперттерине өлкөгө кирүүгө уруксат бербей жатат

 

Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) коронавирустун жаңы түрүнүн келип чыгышын изилдөө үчүн өлкөгө барууну пландап жаткан адистерине керектүү уруксат кагаздарын берген жок. Бул тууралуу ДССУнун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус билдирген.

"Бүгүнкү күндө биз Кытай бийлиги команданын өлкөгө киришине керектүү уруксат кагаздарын бере электигин билдик. Мындан улам түзүлгөн атайын топтун эки мүчөсү чыгып кетти. Мен бул жаңылыкка абдан нааразы болдум", - деген Гебреисус.

Ошол эле учурда Гебреисус Кытай бийлиги эксперттик топту кабыл алуусу үчүн, ички процедураларды болушунча тез бүтүрүп жатканын билерин айткан.

Жаңы коронавирустун келип чыгышын билүү үчүн түзүлгөн эксперттик топко Япония, Катар, АКШ, Германия, Вьетнам, Австралия, Орусия, Нидерланды, Улуу Британия жана Даниянын өкүлдөрү кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.01.2021. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
П.....з каристар, акмактар, из за вас вирус баарын өлтүрдү, киргизбейсинерби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: