super.kg logo

УКМК: "Президенттик шайлоо жана референдум учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо иштери жүрүп жатат"

 

Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо жана референдум учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, учурда өлкөдөгү шайлоо жана референдум алдындагы кырдаалга мониторинг жүргүзүп турган, ошондой эле аймактык бөлүмдөрдүн координациялоо жана алардын башка мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара аракет кылуусу боюнча ыкчам штаб иштеп жатат. Мындан тышкары УКМКнын өздүк курамы күчөтүлгөн кызмат өтөө вариантына өттү.

"2021-жылдын 10-январындагы шайлоо учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттери иштелип чыкты. Эң башкысы шайлоо процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган, диний-экстремисттик жана криминалдык топтордун, деструктивдүү түзүлүштөрдүн чагымчыл акцияларын даярдоо белгилерин өз убагында табуу жана алдын-алуу боюнча иш-чараларга басым жасалууда.

Мамлекеттин стратегиялык маанилүү объектилеринде террорчулукка каршы коргоону чаралары күчөтүлдү. Укук коргоо органдары жана чек ара кызматы менен биргеликте террордук жана диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн табуу максатында жарандардын кирүү-чыгуу каналдарында чыпкалоо иштери, ошондой эле чек ара жанындагы аймактарда жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Мындан сырткары чагымчыл материалдарды тараткандарды, мыйзам чегинде жоопко тартуу каралды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: