super.kg logo

"Ресторандар, театрлар жабык бойдон калууда". Германияда карантин чаралары февралга чейин узартылды

 

Германияда карантин чаралары февралга чейин узартылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Ага ылайык, Германиянын канцлери Ангела Меркель 16-декабрда киргизилген карантиндик чараларды 31-январга чейин узартуу тууралуу Германиянын региондордогу бийлик жетекчилери менен жолугушууда айтты.

"Биз карантин чараларын январдын аягына чейин узартууну көздөп жатабыз" деген Ангела Меркель.

"Карантиндик чаралардын негизинде ресторандар, кафелер, театрлар, сулуулук салондору, музейлер жана кинотеатрлар жабык бойдон калууда. Ал эми жеке соода жайларына чектөө киргизилген. Окуучулар онлайн окууну улантышууда", - деп жазылат маалыматта.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Германияда 1 миллион 816 миң 985 адам илдетке кабылып, 36 миң 760 бейтап каза болгон.

Буга чейин Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган. Аталган өлкөдө катталган коронавирус инфекциясынын жаңы жугуштуу түрү дүйнөнүн 41 өлкөсүнө жеткени кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: