super.kg logo

ИИМ шайлоо маалында коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык элдик кошуун тартылгандыгын билдирди

 

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов маалымат жыйында шайлоо маалында коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык элдик кошуун тартылгандыгын билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагындагы 2 миң 426 шайлоо тилкелерине 5 миң 400дөн ашык милиция кызматкери бекитилди.

“Шайлоо учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 11 миңден ашык милиция кызматкери тартылды. Башка ведомстволордун 2 миң 100 кызматкери да иш алып барат. Ошондой эле 9 миңден ашык элдик кошуун милиция кызматкерлерине көмөктөшөт”, - деди ал.

Ошондой эле орун басар шайлоого байланыштуу 6-январга карата жалпы мыйзам бузуу боюнча 50 учур катталгандыгын билдирди.

Бишкекте-15;

Ош облусунда-16;

Ош шаарында-2;

Жалал-Абадда-4;

Таласта-2;

Чүйдө-7;

Ысык-Көлдө-3;

Нарында-1 факты катталган.

"Алардын ичинен 15и Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүүдө. Калган 35и электрондук журналга киргизилген. 9 кылмыш иши боюнча тергөө иши жүрүп, 6 иш кыскарган. Ал эми добуш сатып алуу боюнча 5 иш түшүп, төртөө кыскарган. Уурулук боюнча Сузак районунда катталып, тергөө иши жүрүүдө. Бейбаштык боюнча 2 факты катталган болсо, бирөө кыскарган. Жоруктар боюнча 6 иш келип түшкөн, анын төртөөсү кыскарган", - деп билдирди министрдин орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: