Милициянын кайгуул кызматы шайлоо алдында жарандарга кайрылуу жасады



Милициянын кайгуул кызматы шайлоо алдында жарандарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 10-январында өтө турган президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз өлкөсүнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү күнүнө карата Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо багытында милициянын кайгуул кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
"Шайлоо учурунда милициянын кайгуул кызматкерлери ар бир шайлоо участокторуна бөлүнүп, ошол жерде коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жол тыгындарын болтурбоо максатында иш алып барышат. Шайлоо учурунда жана ага чейинки үгүттөө иштери учурунда жарандардын мыйзамдуулукту жана туруктуулукту сактоо, ар кандай такталбаган туура эмес маалыматтарды таратпоо, элди бөлүп, жарууга жол бербөө багытында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматы жалпы жарандарга жогорудагы көрсөтүлгөн мыйзам бузуу фактылары байкалган учурда "102" номуруна чалып же милициянын кайгуул кызматынын нөөмөт бөлүмүнө 53-22-33 жана ватсап номерине (0509) 10-21-22 тезинен кабар берүүгө чакырат.

