super.kg logo

Бишкектеги "Тез жардам" борборуна коргоочу каскалар берилди

 

Бишкек шаарындагы "Тез жардам" борборуна коргоочу каскалар берилди. Бул тууралуу аталган борбордун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов Twitter баракчасына жазып калтырган.

Ага ылайык, бардык "Тез жардам" бригадаларына коргоочу каскалар таратылган.

"3 ай мурун кимдир бирөөлөр таш менен урушкан. Биз бардык бригадага коргоочу каска алууну чечтик", - деп жазган Борисов.

Эске салсак, Бишкекте эки "Тез жардам" борбору бар. Учурда 38 мобилдик бригада иштейт.

Буга чейин 5-октябрда борбор калаадагы баш аламандыкта "Тез жардам" кызматынын унаасына таш ыргытышкан. Мындан сырткары "Тез жардам" борборуна кол салуу болуп, анын кесепетинен фельдшер оор жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: