super.kg logo

Өкмөт өкүлү: "Чек арадан өткөн ишкерлердин товарлары учураган тоскоолдуктар жоюлушу керек"

 

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу Коопсуздук жана укук тартибин камсыз кылуу маселелери боюнча координациялык кеңештин отуруму болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда Ош облусунун ИИБинин башчысы Ж.Абитов билдирүү жасап, кылмыштуулук көрсөткүчтөр, мал уурулук, элдин арасында коопсуздук боюнча маалымат берген.

"Чек ара боюнча 2024 чек ара аскер бөлүгүнүн башчысы И.Талипов чек арадагы жарандардын өтүү, товар айлануу, экспорттоо, импорт боюнча кыш мезгилинде чек араны көзөмөлдөөнү күчөтүү маселесине токтолду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы А.Мазарипов чыгып сүйлөп, терроризмге каршы аракеттер жана Сириядан алып келинген жана келине турган балдар менен энелерди коомчулукка адаптациялоо боюнча маалымат берди.

Башка мамлекеттер менен чектеш жайгашкан райондордун акимдери билдирүү жасашты. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов чек арадан келчү ишкерлер товарларды ташууда учураган тоскоолдуктарды жоюу боюнча жумушту күчөтүү боюнча тапшырма койду", - деп билдирди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: