"Ак Үйдү Жо Байденге өткөрүп бербейм". Дональд Трамптын тарапкерлеринин митинги полиция менен кагылышууга алып келди

АКШнын баш калаасында Дональд Трамптын тарапкерлеринин митинги полиция менен кагылышууга алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Жо Байденди президенттик кызматка бекитүү үчүн сенат жана өкүлдөр палатасы иштеп жаткан күнү Трамп шайлоонун жыйынтыгына каршы митингге чыккан. Натыйжада Дональд Трамптын тарапташтары коштогон митинг полиция кызматкерлери менен чоң кагылышууга алып келген.
Буга чейин Дональд Трамп Грузияда сүйлөп жатып, "Ак Үйдү демократ Жо Байденге өткөрүп бербейм" деп убада берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Мен бул окууйм үчүн инфо жакшы
Биздин медиа жаман.
Трамп зордук-зомбулукту токтотуу үчүн Твиттерде жазган.