super.kg logo

Билим берүү жана илим министрлигине 56 миң 647 литр антисептикалык каражаттар тапшырылды

 

Билим берүү жана илим министрлигине ЮНИСЕФ уюму тарабынан 56 миң 647 литр суюк самын тапшырылды. Каражаттар мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ачылышында көмөк көрсөтүү жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында берилген. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, министрлик суюк самын каражаттарын райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу өлкөдөгү мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жөнөтөт.

"Билим берүү жана илим министрлигине 56 миң 647 литр суюк самын каражаттарын бергенибизге кубанычтабыз. Каражаттар Кыргыз өлкөсүндөгү мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын коопсуз ачылышы үчүн профилактикалык иштерди жүргүзүү жана вируска каршы күрөшүү үчүн колдонулат", - деди ЮНИСЕФтин билим берүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Геррит Маритц.

ЮНИСЕФ уюму - Бириккен улуттар уюмунун алдында эл аралык уюм. Ал экинчи дүйнөлүк согушта жапа чеккен балдарга колдоо көрсөтүү үчүн ачылган. Уюм 1965-жылы дүйнөлүк "Нобель" сыйлыгы менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: