super.kg logo

Ошто ата-энелери баш кошууга каршы болуп, качып кеткен жигит менен кыз Өзбекстандан тергөөгө алып келинди

 

Ош облусунун Ноокат районунда ата-энелери баш кошуусуна каршы болгондон улам коңшу өлкөгө качып кеткен жигит менен кыз тергөөгө алып келинди. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жигит менен кыз Өзбекстандан алып келинип, 28-29-декабрда суракка алынышкан.

"Эки жаш сурак беришти. Ошондой эле баланын ата-энеси кыздын жакындарына барып, алардан кечирим сурашкан. Бирок кыздын ата-энеси аларды кабыл алышкан эмес. Учурда эки тарап бири-бири менен келише албай жатышат. Кыз тергөөдө ата-энесине жолуккан, бирок ал үйүнө баруудан коркуп жаткандыктан жактоочулар анын коопсуздугун ойлоп жөнөтүшкөн жок. Себеби кыздын атасы бул окуяны агрессивдүү кабыл алган. Учурда психологдор кыз менен иштеп жатышат. Чындап эле бала менен өзү кеткенби же күчкө салынганбы ошону аныкташат", - деди басма сөз кызматынан.

Буга чейин социалдык тармакта Ош облусунун Ноокат районунда ата-энелер жигит менен кыздын баш кошуусуна каршы болгондуктан улам алар качып кетишкенин айткан видео тараган. Видеодо көрүнгөндөй кыздын аты Элмира. Ал жигити менен качып кеткенин, азыр алар коркуп жатышканын айтып, тийиштүү органдардан жардам сурап кайрылган. Ал эми тасмадагы жигит президенттикке талапкер Садыр Жапаровго дагы жардам сурап кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.01.2021. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тим койгула эми суйушкондорду эч кимге зыяны тиийбесе болду
06.01.2021. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздардан үйрөнүптүр да эми, качса качыптыр да, кээде черезчур да ушу туугандар.
07.01.2021. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Миран менен Рейан го озунчоле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: