super.kg logo

"Референдумга шайлоочулардын 30 пайызы катышканда гана ал өттү деп эсептелет" дейт БШКнын төрайымы

 

Бүгүн, 6-январда Президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүү, уюштуруу боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү. Анда алдыдагы шайлоого даярдыктар боюнча маалыматтар айтылды.

Жыйын вице-премьер-министр Максат Мамыткановдун төрагалыгы астында өттү. Мындан тышкары БШК төрайымы, министрликтер менен облустук жана шаардык администрациялардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова референдум боюнча эсеп өзгөчө жүрөрүн билдирди.

"Шайлоодогу добуштардын акыркы эсеби кол менен саноодо аныкталат. Тийиштүү протоколдор шайлоо өткөн күндүн эртеси таңкы саат 06.00дө алынат. Шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруу 20 күндүн ичинде жүрөт. Эгер талапкерлердин бири дагы шайлоочулардын 50 пайыздан ашык добушун ала албай калса, салыштырмалуу көбүрөөк добуш алган талапкерлер ортосунда кайрадан шайлоо уюштурулат.

Ал эми референдум боюнча шайлоочулардын 30 пайызы катышканда референдум өттү деп саналат. Эгер "бардык варианттарга каршы" вариантына 50 пайыздан жогору добуш берилсе, башка варианттар таанылбайт", - деди Шайлдабекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: