super.kg logo

Таластагы газ баллондун жарылуусунан жабыркаган эки адам Бишкекке алып келинет

 

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Талас районундагы жарылуудан жабыркагандар боюнча консультация өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-январда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Талас облусунда иш сапары менен барган.

"Сапардын жүрүшүндө министр Кара-Буура аймактык ооруканасында жана Талас облустук бириккен ооруканасында болуп, ден соолугунун абалы, газ баллондун жарылуусунан жабыркаган бейтаптарды дарылоонун тактикасы менен таанышты.

Министр менен кеңешкенден кийин Талас облустук ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө жаткан эки жабырлануучуну андан ары дарылоо үчүн Бишкек шаарына которуу чечими кабыл алынды", - дешти мекемеден.

4-январда Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы "Шаурма сити" тез тамактануучу жайынан газ баллон жарылып, өрт чыккан. Анда 11 адам жабыркаганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: