Шайлоо тилкелеринин 84 пайызы пандустар менен камсыздалганы айтылды

Өлкөдө шайлоо тилкелеринин 84 пайызы пандустар менен камсыздалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүү, уюштуруу боюнча республикалык штабдын жыйынында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
"Буга чейинки президенттик шайлоодо 29 пайыз, октябрда өткөн парламенттик шайлоодо 75 пайыз, бул жолку шайлоодо 85 пайыз шайлоо тилкелери пандустар менен камсыздалды. Ал эми Талас жана Нарын облустарындагы шайлоо тилкелеринин 98 пайызында пандустар орнотулган", - деди Шайлдабекова.
Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:23
2021-01-28
16:00
2021-01-21
11:23
2021-01-21
21:29
2021-01-20
20:03
2021-01-20
12:48
2021-01-20
11:51
2021-01-20
11:10
2021-01-20
10:48
2021-01-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.