super.kg logo

Согуштун кесепети. Салмагы 7 килограмм болгон 7 жаштагы баланын кейиштүү абалы (видео)

 

Түштүк Батыш Азияда жайгашкан Йемен мамлекети дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөргө кирет. Йеменде 6 жыл бою жарандык согуш жүрүп келген. Анын кесепетинен биринчи кезекте жаш балдар жабыр тартып келет. Жаш балдар өлкөдө жаралган экономикалык кризистен улам тыңгылыктуу тамак жей алышпайт. Мындан улам ал жакта ачарчылык орун алганын дүйнөлүк басылмалар байма-бай жазып келишет.

Йемен тууралуу акыркы маалыматтардан 7 жаштагы Фаид Самимдин кейиштүү абалы көзгө урунду.

Түрктөрдүн ТРТ аваз каналы бул бала тууралуу чакан ролик жарыялаган. Анда 7 жаштагы бала болгону 7 килограмм салмакта экени жазылат.

"Фаид Самим 7 жашта, бирок анын салмагы болгону 7 килограммды түзөт. Баласын сактап калуу үчүн Фаиддин ата-энеси 160 чакырым жолду көзөмөл өткөрүү пунктун ашып өтүп келүүгө туура келди. Йемендеги 6 жылдык согуштун кесепети гуманитардык кризиске алып келди. Ал эми 2020-жылы ага кошумча коронавирус, чегирткелердин көбөйүп кетиши, суу ташкындоолор өлкөдө жаралган ачарчылыкты күчөтүп жиберди. Баланы карап жаткан дарыгер Фаид баштагыдан жакшы болуп калганы менен ДЦП менен жабыркап, дагы көп убакыт бою дарыланууга муктаж экенин билдирген. Фаид Самимдин ата-энесинде баласын мындан ары дарылатууга жана дары-дармектерин алып берүүгө каражаттары жок. Алардын бирден бир үмүтү кайрымдуулукта" , - деп жазылат маалыматта.

БУУнун берген маалыматы боюнча Йемен калкынын 80 пайызы жардамга муктаж.






Йемендеги кризис. 7 жашында 7 килограмм гана салмакта болгон бала жардамга муктаж

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.01.2021. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ээ Аллахым, озун мээримине ала кор!!! Сенин каалоонсуз, пенденин каалоосу орундалбайт! Бул балага шыпаа, Ден-соолук, омур бер!
07.01.2021. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Оо Аллахым,пенделеринди асырайгөр,мээримине бөлө,ооруларына шыпаа,ырыскыларына береке бер
07.01.2021. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жараткан Тенирим ден соолук берсин. Ар кандай кырсыктан сактасын
07.01.2021. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусулман өлкөлөрүндөгү жарандык согушту США,Европа өңдүү мамлекеттер жасайт.Болбосо дүйнөнү башкарам деген Америка эмнеге жардам бербейт?Качан өзү каалаган президент келсе,Йеменди көз каранды кылып алса гана жардам берет.Бирок,эбегейсиз байлыгын эки эсе кылып ташып кетет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: