super.kg logo

Чүй ОИИБинин көчмө станциялары өткөн жылы 500дөн ашуун күзөткө чыгышкан

 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын көчмө станциялары өткөн жылы 580 жолу күзөт ишине чыгышып, 170тен ашуун ар кандай кайрылууларды жана жарандардын арыздарын каттоого алышкан. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Президенттик шайлоонун алдында коомдук коопсуздукту камсыз кылууда милициянын көчмө участкалары да чоң жардам берет. Алыскы райондордун жана айылдардын тургундары менен болгон жолугушууда алар
түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Калкка социалдык тармактарда жалган билдирүүлөрдү таратуудан этият болууну эскертти", - деп билдирет мекемеден.

Эске сала кетсек, Кыргыз өлкөсү боюнча президенттик шайлоо учурунда коомдук тартипти сактоого 11 миңден
ашуун милиция кызматкерлери, ошондой эле 9 миңден ашуун сакчылар тартылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: