Чоң-Алайда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жол бербоо максатында тынымсыз иш чаралар жүргүзүлүүдө
Ош облусунун Чоң-Алайда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жол бербоо максатында тынымсыз иш чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция менен жалпы журт, коомчулук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бирге күрөшүп, анын оор кесепеттерин алдын алуу боюнча иш чараларды күчөтө башташты.
"Учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбого колдон келишинче аракет кылып, биргеликте иш алып барылып жатат. Көпчүлүк мезгилде бул көрүнүштөрдөн аялдар жабыркап, милицияга кабарлаган учурда гана күнөөкөргө мыйзам чегинде чара көрүлсө, көп учурда жакындары, жабыр тарткан үй-бүлө мүчөлөрү зомбулукка кабылгандыгын жашырып, билинбей калып, натыйжада оор кесепеттерге алып келүүдө. Келечек ээлери болгон жаштарга туура тарбия берип, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жоопкерчиликке алууну, бири-бирине сый-урмат көрсөтүүнү үйрөтө башташты. Эгерде, үй-бүлөдө болуп жаткан зомбулукту байкаган учурда тез арада милицияга кабарлоо керектиги жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

