super.kg logo

Окутуучу Elite House курулуш компаниясынан батир утуп алды

 

5-январда Elite House курулуш компаниясы укмуштуудай акциянын жыйынтыгын чыгарып, "Эл Классик Плюс" турак жай комплексинен батир ойнотту.

Акцияга 2020-жылдын 14-августунан 31-декабрына чейин Elite House компаниясынан батир сатып алган ар бир кардар катышуу мүмкүнчүлүгүн алды.

Иш-чаранын алып баруучулук милдетин жана жакшы маанай үчүн жоопкерчиликти белгилүү шоумен Ростислав Ященко мойнуна алды. Коноктор үчүн өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти, кыл кыякчы Нурайым Азыкбаева, комузда кол ойноткон Назбек Кенчинбаев, ата-мекендик эстраданын жылдызы Гүлнур Сатылганова жана легендарлуу "Элес" тобу өз чыгармаларын тартуулашты.

Мындан сырткары бардык коноктор үчүн Elite House баалуу белектерди ойнотту.

Кеченин кульминациясы - "Эл Классик Плюс" турак жай комлексинде жайгашкан 1 бөлмөлүү батирди ойнотуу болду. Билет таратуу укугу кеченин кичинекей коногуна ыйгарылып, ал билеттерди аралаштырып, атайын комиссиянын катышуусунда жеңүүчү билетти сууруп чыкты. Бир нече көз ирмемдерден кийин алып баруучу жеңүүчүнүн атын атады.

Бактылуу чүчү кулак философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бокошовго туш болуп, 1 бөлмөлүү батирдин сертификаты тапшырылды. Жамгырбек Бокошов - борбор калаадагы жогорку окуу жайларынын биринде кафедра жетекчиси кызматын аркалайт. Бир нече илимий иштердин жана китептердин автору.

Анын айтымында, жеңүүчү болом деп таптакыр күткөн эмес. "Буга чейин өмүрүмдө эч нерсе уткан эмесмин, бүгүн, болгондо да Elite House компаниясынан батир утуп алдым", - деп жылмаюу менен белгиледи Жамгырбек Бокошов.

Elite House компаниясынын башкы директору Руслан Нармедов жеңүүчүнү куттуктап, эң негизги капитал - кардарлардын ишеними экенин белгиледи: "Сиздердин тандооңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз жана бизге артылган үмүттөрдү актоо үчүн талыкпай эмгектенебиз".


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
07.01.2021. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул убакка чейин карапайым калктын бир жерден бир нерсе утканын көрө элекмин
07.01.2021. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Май майга тамат
07.01.2021. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Хайпошний
07.01.2021. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кут болсун, агай! Ошол уйдо бактылуу жашоо насип этсин. Бизге да буйрусун.
12.01.2021. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык неге чиновниктер утат андан коро ойнотпой эле белек кылып койсонор болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: