super.kg logo

Жалал-Абадда шайлоону тынч өткөрүү максатында милиция профилактикалык иштерди улантууда

 

Жалал-Абад облусунун аймагында 10-январда өтүүчү шайлоону тынч өткөрүү максатында милиция тарабынан тынымсыз профилактикалык жумуштар жүргүзүлүүдө.

"Базар-Коргон жана Ноокен РИИБинин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен район аймактарын кыдырып жатышат. Алар жергиликтүү тургундарга чагымчыл күчтөрдүн такталбаган маалыматтарына ишенбөөгө чакырышууда. Шайлоого карата ар түрдүү жалган чакырыктарды таратпоого жана социалдык тармактарды колдонууда этият болууга үндөштү. Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөрдүн шайлоо өнөктүгү учурунда үгүт иштерине аралашпоо керектиги ата-энелерге жеткирилди.


Эске салсак 2020-жылдын 12 айында Базар-Коргон РИИБинни милициянын көчмө кабылдама унаасы 139 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 157 ар кандай маанидеги арыз-даттанууларды кабыл алган. Ал эми Ноокен РИИБи көчмө кабылдама унаасы өткөн жыл ичинде 182 жолу региондорго чыгып, 291 кайрылуу кабыл алып, 284 маселе чечилген", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: