super.kg logo

Өкмөт: "Октябрь окуяларында жабыркаган бардык жарандарга зарыл болгон медициналык көмөк көрсөтүү улантылат"

 

5-6-октябрдагы окуяларда жабыркаган жарандар өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын декабрь айынын башында вице-премьер-министрлери Эльвира Сурабалдиева жана Максат Мамытканов 2020-жылдын октябрь окуяларында жабыркаган жарандар менен жолугушкан.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ар бир жабыркаган жарандын ден соолугун көзөмөлдөй турган медициналык мекеме аныкталган. Учурда 22 адам амбулатордук дарылоодон өтүп, дарыгерлердин тийиштүү кеңештерин алууда.

Макулдашуулардын алкагында жакынкы мезгилде Түркия Республикасынын дарыгерлери 8 жарандын көздөрүн протездөөнү жүргүзөт.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында жабыркаган дагы бир жарандын көзүнө татаал операция жасалат, аны да Түркия Республикасынын дарыгери өткөрөт.
2020-жылдын декабрь айынын соңунда жабыркагандардын бирине ортопедиялык протез сатып алууга жардам көрсөтүлгөн. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева ал үчүн өз айлык маянасын которуп берген.

Жакында 5-6-октябрдагы окуяларда жаагы сынган 51 жаштагы аялга жардам көрсөтүлгөн. Ал учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүндө дарыланууда.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеванын тапшырмасы боюнча октябрь окуяларында жабыркаган жактардын кайрылууларын кароо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, аны саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектейт. Комиссия жарандардын майыптыгын аныктоо маселесин карайт.

Өкмөт белгилегендей, октябрь окуяларында жабыркаган бардык жарандарга зарыл болгон медицинналык көмөк көрсөтүү улантылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: