"Кара аюуга айланат аппак аюу, Жигит барып бергиче кызга белек". Калааны каптаган ыш акындардын ырларында
Борбор калаабызды кара түтүн каптап, айлабызды кетирип жаткан кези. Шаар тургундары бул жагдайга наарызы болуу менен жашоосун улантууда. Коомдо жаралып жаткан бул көйгөйгө ар ким түрдүү пикирлерин социалдык тармакта жазышып, Бишкекти "Ышкек" деп да атап алышууда. Ал эми "жер жарылса, акындын жүрөгү менен өтөт" дегендей акындар да бул көрүнүштү ырларында чыгылдырып турган учуру.
***
Калкым жанын тырышып багып жатат,
Кандидаттар жоргосун чабып жатат.
Үңүрөйүп каптаган кара түтүн,
Үмүттөрдү негедир алыстатат.
Кандидаттар жоргосун чабып жатат.
Үңүрөйүп каптаган кара түтүн,
Үмүттөрдү негедир алыстатат.
Күздү көмүп карына кыш да келет,
Кышты коштоп жылына ыш да келет.
Кара аюуга айланат аппак аюу,
Жигит барып бергиче кызга белек.
Кышты коштоп жылына ыш да келет.
Кара аюуга айланат аппак аюу,
Жигит барып бергиче кызга белек.
Жаңылыктар дүйнөлүк кеп кылганда,
Коопсуз эмес, кооптуу шаар деп турганда.
Куш аттуулар айланып учуп жүрөт,
Конобуз дейт, оңтойлуу ТЭЦ курганда.
Коопсуз эмес, кооптуу шаар деп турганда.
Куш аттуулар айланып учуп жүрөт,
Конобуз дейт, оңтойлуу ТЭЦ курганда.
Кара селде бул ТЭЦтин оронгону,
Кара түтүн калаада жоголбоду.
Кайран гана Бишкегим, борборум ай,
Чоңдоруң же жолдоруң оңолбоду.
Кара түтүн калаада жоголбоду.
Кайран гана Бишкегим, борборум ай,
Чоңдоруң же жолдоруң оңолбоду.
Кырдан аша албаган өлкөбүздү,
Кыйначудай көк түтүн көпкө бизди.
Ковид менен күрөшүп бүтө албаган,
Колдо Кудай, колдогун өпкөбүздү...
Кыйначудай көк түтүн көпкө бизди.
Ковид менен күрөшүп бүтө албаган,
Колдо Кудай, колдогун өпкөбүздү...
Автор: Акбар Кубанычбеков

БИШКЕКЧАН
Түрлүү жыпар рахатына кангансып,
Түтүн Бишкек, ысын искеп жан балкып.
Тирилигим, тирүүлүгүм уланат,
Турмушумду гүлзарларга айлантып.
Түтүн Бишкек, ысын искеп жан балкып.
Тирилигим, тирүүлүгүм уланат,
Турмушумду гүлзарларга айлантып.
Ыштуу калаа – жыттуу мага, парфюмер,
Ырасында ырга, күүгө салчу жер.
"Бишкекчандар" булгагандан Бишкек чаң,
Биз ошентсек оңдой алат кайсы МЭР!?
Ырасында ырга, күүгө салчу жер.
"Бишкекчандар" булгагандан Бишкек чаң,
Биз ошентсек оңдой алат кайсы МЭР!?
"Бишкекчандар" чанбагыла Бишкекти,
Биз бололу ийри жолдо түз кетчү!
Биз бололу ийри жолдо түз кетчү!
Автор: Садырбек Турдубек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.