Ысык-Көлдө алдыда өтчү шайлоого карата элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
Алдыда өтчү шайлоого карата Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы, облустун өкүлчүлүгү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Милициянын көчмө кабылдамасы менен ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Акылбек Бекишев, облустун өкүлчүлүгүнүн укук тартип жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Канагат Энтериев жер-жерлерде эл менен болгон жолугушууда, шайлоодо коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз милдеттерин аткаруусундагы иш-аракеттеринин укуктук негиздерин кеңири түшүндүрүп беришти.
Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууларга бөгөт коюу үчүн милиция кызматкерлери мыйзам чегинде кандай иш-аракеттерди жасай алаары жарандарга маалымдалды. Ошондой эле алар жарандарга кайрылышып, эгерде алар шайлоо кампаниясынын учурунда кандайдыр бир мыйзам бузууларына күбө болуп калса, анда дароо облустун тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылуу керектигин айтты", - деп жазылат маалыматта.

