Дүйнөдөгү эң кымбат дарыга муктаж болгон Аруузат. "Керектүү каражат дагы деле чогула элек" дейт наристенин апасы
Буга чейин Аруузат аттуу бир жаштагы кыз сейрек кездешүүчү генетикалык жүлүн булчуңдарынын атрофиясы диагнозу менен жабыркап келгендиги тууралуу жазып, кайрымдуу элден колдоо күткөн апасынын баяны чыккан. Апасы Жылдыз Ташматова кызы Аруузат март айында экиге чыгаарын, ошого чейин алар эң кымбат дары катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген "Золгенсма" дарысын алып үлгүрүүсү керектигин айтып берген . Ал үчүн чоң суммадагы каражат, тагыраагы, 2 миллион 386 миң доллар керек. Ал эми сом менен валютанын курсуна жараша болжолдуу 195 миллион сом болоору айтылган болчу.
SUPER.KG порталы бүгүн, 7-январга карата Аруузаттын саламаттыгынан кабар алып учурда канча каражат чогулуп калгандыгы тууралуу маалымат алды.
"Буюрса, кызыбыз Аруузаттын саламаттыгы азырынча туруктуу. Колдору алсырап бара жатат. Учурда болжол менен 4 жарым миллион сомдой чогулуп калды. Колдоолор акырындан болуп жатат. Жергиликтүү телеканалдар да тартып кетишти, кайдыгер карабаган жарандардан колдоо дагы да болот деген үмүттөбүз.
Валюта курсу дайыма алмашып, өйдө-ылдый болгону үчүн сом менен ар кандай сумма болуп жатат. Биз болжолдуу эсептеп 195 миллион сом деп жазганбыз. Кээде 196 миллион сом деп да чыгып калат, кээде тескерисинче ылдый", - деп билдирди Аруузаттын апасы.
Белгилей кетсек, "Золгенсма" аттуу дүйнөдөгү эң кымбат дарынын ампуласын берүү үчүн баланын салмагы 13 килограммдан ашпоосу керек, ал эми Аруузаттын салмагы учурда 11 килограмм экени айтылып, убакыт аздыгына ата-энеси кабатыр болууда.
Кичинекей наристеге жардам колун сунууну каалаган кайрымдуу жарандар төмөнкү реквизиттерге колдон келген каражатын которсо болот:
"MBank" - 0707724416;
О! Деньги - 0707 72 44 16;
Элсом - 0707724416;
ОПТИМА БАНК - 4169 5853 4524 5996 (Ташматова Жылдыз Талапбековна);
"Demir bank" - 4215 8901 1686 3694;
Эсеп - 1180000121948004 (БАКАЙ ТАШМАТОВИЧ ТАШМАТОВ);
"KICB" Элкарт - 9417018596205724;
"Kaspi Bank" - 5169 4931 0759 7018;
Онлайн которуулар: +77022860058 (Танкиева Алтынай Манасовна);
"Сбербанк": +7 926 723-23-49 (Эрлан Токтогулов);
4817 7602 5975 0325 (ERLAN TOKTOGULOV);
PayPal Suita-jan@mail.ru;
Түркия үчүн которуу эсеби -4824 6503 6219 9430 (AIGERIM ARALBAEVA).




1 |