super.kg logo

Президенттин милдетин аткаруучу өлкө жарандарын Рождество майрамы менен куттуктады

 

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов өлкө жарандарын Рождество майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бул майрам ишенгендердин жүрөгүн жылуу үмүт, бекем ишеним жана чын жүрөктөн сүйүү менен толтурат. Руханий кубаныч тартуулайт, адамдарды бириктирет, аларды кайрымдуу жана толеранттуу болууга үйрөтөт. Кыргыз мамлекетиндеги православ чиркөөсү кылымдарды карыткан бай тарыхында улут аралык тынчтыкты бекемдөөгө, мамлекет жарандарын Ата Мекенди сүйүүгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды урматтоого тарбиялап, диний конфессиялар аралык диалогду чыңдоого чоң салым кошуп келет. Рождестводогу керемет сизди кыялданууга шыктандырып, жаркын үмүттөрүңүздү ишке ашырсын", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: