Вашингтондогу баш аламандыкта 50дөн ашуун адам кармалды

Жазылган маалыматка ылайык, Вашингтон шаарындагы нааразычылык акциясынан улам шаар мэри жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дөн баштап коменданттык саат жарыялаган.
"21:30да (жергиликтүү убакыт боюнча) 52 жаран кармалды. Алардын көпчүлүгү мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүшкөн. Кээ бирлери коменданттык саатты бузушкан", - деди жергиликтүү полициянын башчысы Роберт Конти.
Буга чейин АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын тарапташтары Вашингтон шаарындагы Сенат залына кирип барышканы, мындан тышкары аталган шаардагы нааразычылык акциясынан каза болгон адамдардын саны 4кө жеткени кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:00
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.