Артём Новиков: "Жерүй" кениндеги алтын чыгаруучу фабрика январдын соңунда, февраль айынын башында ишке киргизилет"










"Жерүй" кениндеги алтын чыгаруучу фабрика 2021-жылдын январынын соңунда, февраль айынын башында ишке киргизилет. Бул туурасында премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Талас облусуна болгон жумушчу сапарында айтты.
Учурда кенде бардык калыбына келтирүү иштери активдештирилип, алтын чыгаруучу фабриканын курулушу жандандырылды. «Өкмөт тараптан ишкананын иштөөсүнө максималдуу көмөк көрсөтүлөт. Кыштын соңуна чейин фабрика алтындын алгачкы куймасын өндүрөт деп ишеним билдирем. Өз кезегинде компания мурда алынган милдетенмелердин бардыгын аткарат»,- деди премьер-министр.
Артем Новиков мындан ары карай экономикалык байланыштарды жана жергиликтүү тургундар ортосундагы баарлашууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Өкмөт үчүн инвесторлордун тоскоолдуксуз ишин жана алардын коопсуздугун камсыздоо маанилүү. Буга катар жергиликтүү калктын жумуштуулугун камсыздоо маселеси да көңүл чордонунда турат. Учурда каражаты коммерциялык банкта кармалып турган, Талас облусунун «Бакубат Талас» өнүктүрүү фондунун ишинин натыйжалуулугу тууралуу маселени иликтеп чыгууну сунштайм. Аталган каражаттын бөлүгүн аймактын ишкерлик активдүүлүгүн колдоого жумшоого болот. Калкыбыз каражаттар алардын бакубаттуулугун өстүрүүгө багытталып жаткандыгын көрүүсү керек. Дагы бир маанилүү маселе – бул продукцияны өндүрүү үчүн экономикалык кластерлерди түзүү. Кеп тамак-аш продуктулары гана эмес, өнөр-жай ишканаларынын продукциялары тууралуу да жүрүүдө. Ишкана жергиликтүү өндүрүлгөн продукцияларды максималдуу колдонушу керек. Бул эки нерсе параллелдүү жүрүшү керек. Аталган факт жергиликтүү тургундар менен өз ара аракеттешүүнү жайгарууда чоң кадам болуп саналат», - деди ал.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кенди иштетүүдө эл аралык экологиялык талаптарды сактоо маселесине басым жасады жана көз карандысыз чет элдик эксперттер тарабынан жергиликтүү активисттердин катышуусунда калдык сактоочу жайдын курулушуна талдоо жүргүзүүнү тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
1

Комментарийлер(2)
Sakubek

07.01.2021. 12:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан озу иштее калат дешти эле го
Sakubek

07.01.2021. 14:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sakubek,иштете
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.