super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчилиги мекендештерге кайрылуу жасады

 

Вашингтондогу баш аламандыктарга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчилиги ошол жактагы мекендештерге кайрылды. Кайрылуу аталган элчиликтин расмий сайтына жарыяланды.

"АКШнын президенттик шайлоосунун жыйынтыгына байланыштуу Вашингтон шаарында уланып жаткан массалык нааразычылык акциясына байланыштуу, элчилик АКШда жашаган мекендештерди алдын-алуу чараларын сактоого жана эл көп чогулган жерлерден алыс болуп, этият жүрүүнү суранат", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле жабыркаган же кармалган Кыргыз жарандары жөнүндө маалыматтар болсо тез аранын ичинде +1 (202) 2562924 (ишеним телефону) номерине же kgconsulate.washington@mfa.gov.kg, kgembassy.usa@mfa.gov.kg элекрондук даректерине кабарлап коюуну өтүнөт.

Эске салсак, 7-январга караган түнү АКШ президенти Дональд Трамптын тарапташтары президенттик шайлоонун жыйынтыгын карай турган сенаттын имаратына кирип барышкан. Митингчилер менен полиция кызматкерлери кагылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: