super.kg logo

Баасы 28 миллион сом. Балыкчыда клиника-диагностикалык комплексин курууга капсула салынды

 
Балыкчы шаарында көп тармактуу клиника-диагностикалык комплекстин жаңы имаратын курууга капсула салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, меценат Мирлан Исагалиев, Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек уулу, шаардык аймактык оорукананын башчысы Талант Жумагазиев, ардагер дарыгерлер жана башка медицина тармагына кайдыгер карабаган жашоочулар катышты.
"Клиника-диагностикалык курулуш иштеринин каржылоо жагы буга чейин да шаар үчүн көп иштерди жасаган Мирлан Исагалиев тарабынан колдоого алынды. Жаңы имараттын наркы 28 миллион сомду түзөрү белгилүү болду. Ал үч кабат, 23 койка орундуктан турмакчы", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: