super.kg logo

Вашингтондо өзгөчө абал режими Жо Байдендин ант берүү аземине чейин узартылды

 

Вашингтондо өзгөчө абал режими Жо Байдендин ант берүү аземине чейин узартылды. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, Колумбиянын мэри Мюриэл Боузер өзгөчө абал режимин дагы 2 аптага, тагыраагы, 20-январга чейин узартты. 20-январда АКШда президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Жо Байдендин ант берүү аземи өтөт. Аземге даярдык көрүү иштери 2020-жылдын ноябрь айында эле башталган. Анда учурдагы коронавирус пандемиясына карабастан азем толук масштабда өтөрү маалымдалган.

Башаламандыктардан улам Вашингтондун мэри жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дөн баштап коменданттык саат жарыялады. Өз кезегинде Трамп демонстранттарды тынчтыкта ​​иш алып барууга жана полицияны колдоого үндөгөн.

Буга чейин АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын тарапташтары Вашингтон шаарындагы Сенат залына кирип барышканы, мындан тышкары аталган шаардагы нааразычылык акциясынан каза болгон адамдардын саны 4кө жеткени кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: