super.kg logo

Президенттин милдетин аткаруучу самбо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү менен жолугушту

 

Президентnин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Нови-Сад шаарында өткөн самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орундарды ээлеген улуттук курама команданын мүчөлөрүн куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага спортсмендер,байге ээлери, Кыргыз Республикасынын самбо федерациясынын өкүлдөрү Алмаз Жапаркулов, Азиз Ибраев, Нурлан Токоноев, Дайырбек Карыяев, Султан Алыкулов жана Самара Абдумалик кызы катышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы өзүнүн куттуктоо сөзүндө 14 медалга ээ болуп, самбо боюнча улуттук курама команданын балбандары татыктуу натыйжага жетишкендерин, муну менен курама командабыз дагы бир жолу дүйнөнүн эң мыкты беш командасынын катарына киргендигин белгиледи.

"Пандемияга жана башка кыйынчылыктарга карабастан, сиздер талбай машыгып, эмгектенип, бардык тоскоолдуктарды жеңип өттүңүздөр жана эң сонун натыйжаларга жетиштиңиздер", - деди Талант Мамытов.

Төрага бул жаңы жетишкендиктердин башталышы экендигин, өлкөбүздүн желеги дагы башка көп мелдештерде сыймык менен желбирээрине үмүттөнөөрүн билдирди.

Жолугушуунун соңунда төрага мелдеште жогорку натыйжаларга жетишкен спортсмендерге, машыктыруучуларга жана самбо боюнча федерациянын жетекчилигине Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Өз кезегинде Талант Мамытовго эркектер арасындагы самбо боюнча "А.Харлампиевдин Мемориалы" Дүйнөлүк Кубогунда командалык зачётто жеңип алган Кубокту белекке беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: