super.kg logo

Баткенде көчмө кабылдама иштеп жатат

 

Баткен облус аймагында көчмө кабылдама өз нугунда иштеп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, калк арасында жеңилдиктерди жаратуу, ошондой эле аларга шарт түзүп берүү максатында Баткен облусундагы Кадамжай, Баткен, Лейлек райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жана Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнө ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсеси ички иштер органдарын реформалоонун колдоосунун негизинде пилоттук түрдө киргизилген милициянын көчмө кабылдамаларын тапшырган.

"Бул көчмө кабылдаманын милдети милицияны эл менен жакындатуу жана район, шаардын алыскы аймактарына атайын түзүлгөн графиктин негизинде үзгүлтүксүз алыскы айыл жерлерине чыгуу менен элдердин арыздарын, сунуштарын кабыл алуу. Бүгүнкү күндө Баткен облусунда Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунда, Кызыл-Кыя шаарында милициянын көчмө кабылдамасы толук кандуу иштейт.

Шайлоо астында коомдук коопсуздукту сактоо максатында милициянын көчмө кабылдамалары укук бузуулардын алдын-алуу үчүн калк арасында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

2021-жылдан бери Кадамжай районундагы Көтөрмө, Орозбеков, Халмион айыл аймактарындагы жергиликтүү тургундар менен жолугуулар өткөрүлгөн. Ал эми 2020-жыл ичинде 692 жолу алыскы айыл-кыштактарга чыгып, жалпысынан 2 миң 722 атуулду кабыл алышкан. Анын ичинен 431 атуул ар кандай мазмундагы арыз-даттануу менен кайрылган.

198 кайрылуу коопсуздук боюнча кайрылуу жасашып жеринде чечилген. Мындан сырткары пандемия маалында жер-жерлердеги алыскы аймактардагы жашаган элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө да көчмө кабылдамалардын жардамы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: