БШКнын төрайымы КТРКнын дебатында алып баруучу окуган эскертүү бул дебаттын эрежелери экенин айтты
КТРКнын дебатында алып баруучу окуган эскертүү бул мыйзамдагы эрежелер. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова отурумда билдирди.
"Жөнөтүлгөн катта мыйзамдын беренелери камтылып, дебаттын эрежелери жазылган. Биз былтыркы жылы, мурда деле эрежелерди бергенбиз. Бул жалпы эреже. Дебаттын алдында аларга эскертебиз. Бул боюнча түшүндүрмө беребиз", - деди Шайлдабекова.
Кечээ, 6-январда КТРК коомдук телеканалында президенттике талапкерлердин кезектеги теледебаты болуп өттү. Ага талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Эльдар Абакиров жана Аймен Касенов катышты. Ал эми дагы бир талапкер Садыр Жапаров дебатка катышкан жок.
Дебаттын жүрүшүндө алып баруучу БШК дебаттын жүрүшүндө кайсы бир талапкер талапкерге каршы чакырыктарды таратууга, тигил же бул талапкерге каршы терс пикирлерди айтууга чектөө киргизгенин маалымдаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:23
2021-01-28
16:00
2021-01-21
11:23
2021-01-21
21:29
2021-01-20
20:03
2021-01-20
12:48
2021-01-20
11:51
2021-01-20
11:10
2021-01-20
10:48
2021-01-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Lordbek

07.01.2021. 17:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
МАЙЫЛДЫБЕКОВА СЕНИН БУГА ЧЕЙИН ШАЙЛООЛОРДО ЭМНЕ КЫЛГАНЫҢДЫ БИЛЕБИЗ СЕН КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНДА КАРА ТАМГА МЕНЕН КАЛАСЫН
-ali

07.01.2021. 17:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кара тизмеде алты жолу калат бийликтин жетим жугуругу
Noon

07.01.2021. 19:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичинер куйсо туз жалагыла!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.