super.kg logo

Бишкек шаарынын вице-мэринин апасы дүйнөдөн кайтты. Ал медицина тармагында 20 жылдан ашык эмгектенген

 

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулунун апасы узакка созулган оорудан улам көз жумду. Ал медицина тармагында 20 жылдан ашык эмгектенген, тажрыйбалуу дарыгер болгонун шаардык мэриядан билдиришти.

Жунушова Жамийла Жумабековна 1958-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Кайырма айылында туулган. Төрт баланын апасы.

Эмгек жолун Жумгал райондук ооруканада физиотерапия бөлүмүндө иштөө менен баштаган.

Жунушова Жамийла өз кесибин сүйгөн, ишине так, кесипкөй, жоопкерчиликтүү дарыгер катары таанылган.

Дарыгердин ишмердүүлүгү жөнүндө макалалар жазылып, эл арасында Жамийла Жунушова "дарысыз айыктырган дарыгер" деген атка конгон.

Бейтаптын жүрөгүнөн орун тапкан, кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ инсан болгон.

Кесипкөйлүгү үчүн бир нече жолу ардак грамота жана медалдар менен сыйланган.

Бишкек шаарынын мэриясы Азамат Сагындыковичке, үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: