super.kg logo

"Шайлоодо коомдук тартип сакталат". Нарында көчмө кабылдама иштөөдө

 

Нарында көчмө кабылдама менен шайлоого карата профилактикалык иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-январь күнү өтө турган Президенттик шайлоо жана референдумга байланыштуу милиция кызматкерлерине шайлоого байланышкан укук бузуу, кылмыштар боюнча ыкчам маалымат чогултуу, аларды алдын алуу боюнча тапшырмалар берилип, даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук коопсуздукту сактоо боюнча шайлоо тилкелерине тартылуучу милиция кызматкерлери менен биргеликте шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө облус аймагында коомдук саясий кырдаал көзөмөлдөнүүдө .

"Шайлоо өнөктүгүнө коопсуздукту камсыз кылуу максатында Нарын облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана элдик кошуундар тартылды. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө облус аймагында коомдук саясий кырдаал туруктуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: