Таласта райондук милициянын көчмө кабылдамасы төө буурчак алгандар арасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү






Талас районунда милициянын көчмө кабылдамасы бир жылда миңден ашуун арыз, кайрылууларды кабыл алды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Талас РИИБинин кызматкерлери Калба жана Нуржанов айыл өкмөтүнүн аймагында профилактикалык иштерди жүргүзүшүүдө.
"Анда аймактагы төө буурчактарды кабыл алуучу кампаларда иштегендер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, аларга төө буурчак сактоочу жерлердин коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңешмелер берилди. Уурулуктун алдын алуу максатында чоң кампаларда видео көзөмөл орнотулушу керектиги айтылды. Милициянын көчмө кабылдамасы жарандардын башка дагы көйгөйлөрү менен таанышып, кайрылууларын кабыл алды.
Көчмө кабылдама жыл башынан бери 215 жолу райондун айылдарына чыгып, жарандар тарабынан 1782 арыз-даттанууларды кабыл алган. Ар кандай мазмундагы кайрылуулар тиешелүү кызматтарга берилип, мыйзам чегинде чаралар көрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

