АКШнын Конгресси Жо Байденди президент кылып бекитти

Ага ылайык, Байден шайлоочулардын 270тен көп добушун алган. Ал добуштар конгресс тарабынан бекитилди.
"Добуш берүүнүн жыйынтыгы конгресс тарабынан бекитилгенден кийин Трамптын конституциялык жол менен шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгууга мүмкүнчүлүгү калбай калды. Соттор да эч кандай жардам бере албай турганы айтылды. Анткени конгресс мыйзамдуу түрдө кабыл алган чечимди жокко чыгарууга өлкөнүн эрежелери жол бербейт", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 7-январга караган түнү Вашингтондо Трамптын тарапташтары Капитолийди басып алып, полиция менен башаламандык уюштургандардын ортосунда кагылышуу болгон. Жыйынтыгында төрт адам каза тапкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.