"SUPER MEDIA" маалымат борборунда "Туура тергөө соттук-медициналык экспертиза туура жүргүзүлгөндө гана өтөт" аттуу маалымат жыйын болот
Бүгүн, 7-январда саат 18:30да “SUPER MEDIA” маалымат борборунда «Туура тергөө соттук-медициналык экспертиза туура жүргүзүлгөндө гана өтөт” аттуу маалымат жыйын болот.
Маалымат жыйындын катышуучулары өткөн жылдын октябрь айында борбор калаада, андан кийин аймактарда орун алган башаламандыктардын тегерегиндеги маселелер боюнча УКМКга, ИИМге, Башкы прокуратурага кайрылуу жолдошорун айтышууда.
Алардын айтымында, Аксы районунун Кербен шаарындагы 7-октябрда болгон башаламандыктан кийин адам өлүмүнө шектүү катары 3 адам кармалган.
Маалымат жыйындын катышуучулары:
Шадыбеков Кубат Жумабекович – “Альтернативдик экспертиза борборунун” башкы директору.
Шектүү катары кармалгандардын бир туугандары.
Маалымат жыйын SUPER.KG порталында жана порталдын Ютуб каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

