super.kg logo

Канатбек Исаев БШКда чектен чыккан окуя орун алганын айтып чыкты

 
Кыргыз өлкөсүнүн президенттигине талапкер Канатбек Исаев социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу чукул кайрылуу жасады.
Анда ал жакынкы күндөрү БШКда чектен чыккан окуя орун алганы тууралуу билдирген.
"Тилекке каршы, биз ушундай өлкөдө жашап жатабыз. Ток этер жерин айтканда, 6-январда шайлоо жана референдумга даярдануунун алкагында, мыйзамсыз түрдө БШК кызматкерлери менен УКМК кызматкерлеринин катышуусунда добуштарды автоматтык түрдө саноочу урналарды текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин партиялашы, талапкер Садыр Жапаровдун шайлоодо утуп алышына кызыкдар экенин эске алып, БШКда орун алган текшерүүнү мыйзамсыз деп табууну талап кылабыз. Ал урналарды текшерүүдө президенттикке талапкерлер, көз карандысыз эксперттер катышуусу керек болчу. УКМК кызматкерлеринин катышуусу бул шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого багытталган болушу мүмкүн деген күмөндүү ойду жаратты.
Мен жана президенттикке дагы бир талапкер Адахан Кимсанбаевич Мадумаров экөөбүз автоматтык шайлоо урналарын кайрадан талапкерлердин жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда текшерүүнү талап кылып арыз бердик.
Андыктан мен Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, комиссия түзүлүшүн талап кылып БШКга, Башкы прокуратурага, УКМКга кайрылуу жөнөттүм.
Тез арада комиссия түзүлүшү керек! Ал комиссияга башка талапкерлердин да, бийликтин да адамдары кирбеши керек. УКМК тарабынан Жамааттык Коопсуздук Кеңешине мүчө болгон өлкөлөрдүн атайын кызматтары менен байланышып, тиешелүү маалыматтарды алышы керек.
Комиссияга маалыматты текшерүүгө 10 күн убакыт берилип, бул убакыт аралыгында шайлоо 10 күнгө жылдырылып турушу керек деп эсептейбиз", - деп жазылат Исаевдин маалыматында.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(14)
08.01.2021. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Баардык жерде бийликтин козун карап калышты
08.01.2021. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Менин оюмча садыр призидент болуп шайланган кундо да 2ай отпой бийликтен кетет.
08.01.2021. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Садыр Жапаров Алга! Бузукулар сүйлөй берет. Каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы Садыр президент болот! Аны шайлайбыз !
08.01.2021. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Садыр Жапаров шайлоодон четтетилсе, шайлоо болбойт Канат ака, ошону деп шайлоо болупатат.
08.01.2021. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Ошентип эле элдин ойун өзгөртө алам деп ойлоп жатасынарбы кайдагы кагазды жөнөтпой Чубак ажыгада жала жабышкан бир кагазды көрсөтө койуп айялы арыз жазды дешип ал кагазга эчким ишенбейт Садырды колдойбуз Садыр иштей албаса балким Адхан болушу мүмкүн Садырга мүмкүнчүлүк берели .
08.01.2021. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Канат Исаев кытайлык кыргыздарды кытай дегидей Ким озу ? Болгону Бир чимкирик ... Миң ыйлап ,чачынарды бирден жулсанар дагы ,баары бир Садыр Жапаров президент болот буюрса
08.01.2021. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Scorpion_09,билбейт бекен ушул чимкирик,тфу тфу өздөрүнүн эле аброюн түшүрүп эле басып жүрүшөт.
08.01.2021. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
10-январга чейин болгон боктун баарын шыбашат эми. Канат пока сенин атынды чон тамга менен жазып турганда жон журсончу, ашага окшоп дооруй бербей.
08.01.2021. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Канат деген неме кудай алдында ак болчу. Сенин кылыгың конфетин алдырып койгон мурду куюлган жаш баладай эле көрүнөт. Ушунчалык түркөй төмөн болосуңбу?! Ынсап, жигиттик намыс барбы?
08.01.2021. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Канат чындыкты айтты! Садыр мурдагы президенттер кылган катаны 10 эселеп кыла баштады азыртан эле
08.01.2021. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Минус баскандар , чимкириктердин шестеркалары ))) ахаха
08.01.2021. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эптеп Садырды жаман коргозмой баарибир женет эмне кылсанарда
08.01.2021. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул чимкириктер күйгүздү да,буларга да белгилүү эле болуп калды да эл кимди колдоп жатышаары
08.01.2021. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канат Исаев башка партиялаштарына окшоп Садыр тарапка ото качкан жок, ушул жагынан акылдуу жигит экен деп калдым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: