Жалал-Абадда шайлоо күнү элдин коопсуздугун 700 милиция кызматкери көзөмөлдөйт




Жалал-Абад облусунда шайлоо күнү элдин коопсуздугун 700 милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан шайлоо участокторундагы коомдук тартипти көзөмөлдөөгө милиция кызматкерлери бөлүндү. Аларга шайлоо күнү жана ага чейин тейлеген аймактарында жоопкерчиликтүү кызмат өтөө керектиги айтылып, тиешелүү буйруктар жеткирилди. Шайлоого карата атайын инструктаждар өткөрүлүп, кызматкерлерге маалымат баракчалары таратылды.
Жалал-Абад облусунун аймагындагы шайлоо участокторунда жалпысынан 700дөн ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Милицияга 350дөн ашуун башка күч түзүмдөрдүн кызматкерлери, 300дөй ички иштер органдарынын ардагерлери жана 2000ден ашуун элдик кошуун көмөктөшөт.

