super.kg logo
  Спорт  

"Реал Мадрид" клубунун чабуулчусу Карим Бензема 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

 

Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун чабуулчусу Карим Бензема 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Париж шаардык прокуратурасы футболчу Матьё Вальбуэнанын катышуусундагы интимдик видео менен шантаж кылган ишин сотко өткөрдү. Буга "Реал Мадриддин" чабуулчусу Карим Бенземанын да тиешеси бар. Тергөөчүлөр Бензема шантаж кылгандар менен Матьё Вальбуэнанын ортосунда ортомчу болгон деп эсептеп жатышат. Эгер анын күнөөсү сотто далилденсе, ал беш жылга чейин эркинен ажыратылып, 75 миң евро айып пул төлөйт.

Бул ишти Версаль шаардык соту карайт жана алгачкы соттук отурум март айында башталат.

Эске салсак, Карим Бензема жана дагы бир нече адамдар 2015-жылы Матьё Вальбуэнаны шантаж кылгандыгы үчүн камакка алынып, көп өтпөй бошотулган. Ушундан улам, Карим Бензема менен Матьё Вальбуэна Франция курамасынан четтетилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: