super.kg logo

"Айрым саясатчылар ит экен" дейт Жапыкеев. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын жыйындысы бир шилтемеде

 
Бүгүн, 8-январь, күнгө жума. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Курсан Асановдун жубайы алдамчылыкка шектелүүдө
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети президенттикке талапкерлердин биринин жубайы ири алдамчылык фактысы боюнча шектелип жатканын маалымдап, бирок аты-жөнүн ачыктаган эмес.
“Жаран 2017-2018-жылдары ишкерден 5 миллион доллардан ашык накталай акча алып, ал акчаны кайра кайтарып берүүдөн баш тартууда. Белгилей кетсек, алданып калган жаран чет элдик инвестор болгон жана көрсөтүлгөн каражаттарды өлкөнүн керектүү долбоорлоруна жумшоону пландаштырган. Кармалган жаран президенттикке талапкерлердин биринин жубайы. Бул боюнча документ тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү", - деп жазылган УКМКнын маалыматта.
SUPER.KG порталы өздүк булактарына таянып, алдамчылыкка шектелип жаткан жаран ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы экенин жазган.
Ал эми юрист Таалайгүл Токтакунова Асановдун жубайынын "шектүү" деген статусу жок экенин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Президенттикке талапкерлердин биринин жубайы алдамчылыкка шектелип жатканы тууралуу маалымат бардык жерде жайылып жатат. Биринчиден, бүгүнкү күнгө карата ал эч кандай шектүү эмес, экинчиден, Кой-Таш окуясынан баштап ал Курсан Асановду коргогондордун бири болуп келет. Ошондой эле анын жалгыз уулу дагы бул айыптоолордон жапа чегип келет. Эми болсо маалымат каражаттары аны "укмуш алдамчы" деп жазышууда. Ал генералдын жубайы, мындан ары дагы жолдошу Курсан Асановго колдоо көрсөтүүнү көздөп келет", - деп жазат жактоочу.
Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы кармалды

Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев коррупцияга шектелип кармалганын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Финполдун маалыматына ылайык, Мамыркалиев Бишкек-Ош унаа жолундагы автоунаа жана транспорттук көзөмөлүн жүргүзүүдөгү коррупциялык иштерге шектелип кармалган.

"Бул коррупциялык иш боюнча мамлекетке 20 миллион сом зыян келтирилгени аныкталып, анын 16 миллион сому өндүрүлгөн. Азыркы учурда Транспорт жана жолдор министрлигинин кызмат адамдарынын арасынан бул коррупциялык иштерге тиешеси барларды аныктоо жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Эсиңиздерде болсо, 2018-жылы транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Иликтөөнүн жүрүшүндө Жусубалиев 520 миң доллар алмакчы болгону, анын 120 миң долларын ортомчу аркылуу алганы белгилүү болгон. Бул окуянын айынан транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов президент тарабынан катуу сынга алынган соң кызматтан кеткен. Жусубалиевди Биринчи Май райондук соту күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыратса, Бишкек шаардык соту жаза мөөнөтүн 2 жылга кыскарткан.

Сыймык Жапыкеев айтылуу ашканасынан эмес, палатадан кайрылуу жасады

Учурда ооруканада жаткан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеев бул жолу айтылуу ашканасынан эмес, палатадан кайрылуу жасады. Анын видеосу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

"Достор, кандайсыңар? Палатада жатам, бүгүн үчүнчү күн. Кант диабетим күчөп, кан басымым көтөрүлүп кетти. Өкмөттүн ооруканасына деле жатсам болмок, бирок менчик ооруканага жаттым. Ден соолукту карап дегендей. Мен жөнүндө өтө көп акча алыптыр деген менин авторитетимди түшүргүсү келген сөздөр айтылып жатат. Эми эмне айтам. Саясатчылар ит экен да, баары ушинте беришет экен. Азыр камап жатабыз. Бүгүн министрдин орун басары кармалды, кечээ дагы эл аралык алдамчы кармалган. Кудайым буюрса, дагы да коррупционерлерге соккуларды урабыз. Силер колдоп тургула. Үчүнчү күчтөр ар кандай сөздөрдү айтып ар кимди уруштуруп жатат. Силер баарын байкап тургула, мен дагы кайрылып турам", - деди Жапыкеев.

Финполдун төрагасы кант диабети күчөп, ооруканага жаткырылганы 4-январь күнү белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.01.2021. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сыймык ишине ийгилик эл силер менен
08.01.2021. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сыймык ага, сизге Аллах чын ден соолук берсин!!! Сакайып кетиниз, сиз уй-було, жакындарынызга эле эмес, учурда акыйкатка муктаж болуп турган буткул журтчулукка керексиз!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: