"Айрым саясатчылар ит экен" Сыймык Жапыкеев бул жолу айтылуу ашканасынан эмес, палатадан кайрылуу жасады
Учурда ооруканада жаткан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеев бул жолу айтылуу ашканасынан эмес, палатадан кайрылуу жасады. Анын видеосу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Достор, кандайсыңар? Палатада жатам, бүгүн үчүнчү күн. Кант диабетим күчөп, кан басымым көтөрүлүп кетти. Өкмөттүн ооруканасына деле жатсам болмок, бирок менчик ооруканага жаттым. Ден соолукту карап дегендей. Мен жөнүндө өтө көп акча алыптыр деген менин авторитетимди түшүргүсү келген сөздөр айтылып жатат. Эми эмне айтам. Саясатчылар ит экен да, баары ушинте беришет экен. Азыр камап жатабыз. Бүгүн министрдин орун басары кармалды, кечээ дагы эл аралык алдамчы кармалган. Кудайым буюрса, дагы да коррупционерлерге соккуларды урабыз. Силер колдоп тургула. Үчүнчү күчтөр ар кандай сөздөрдү айтып ар кимди уруштуруп жатат. Силер баарын байкап тургула, мен дагы кайрылып турам", - деди Жапыкеев.

