Орусияда сутка ичинде коронавирустан 450дөн ашык адам каза болду
Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 23 миң 652 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 454 адам каза болсо, 21 миң 677 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус илдети аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 5071 (айыккандар 7067);
Санкт-Петербург - 3017 (айыккандар 1756);
Москва облусу - 1226 (айыккандар 1485);
Нижегород облусу- 467 (айыккандар 505) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 3 миллион 355 миң 794 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 60 миң 911 адам каза болсо, 2 миллион 731 миң 129 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.