Түркиядагы Кыргыз жарандарына шайлоого барып добуш берүүгө уруксат берилди
Кыргыз жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында, Түркия менен 10-январда өтө турган президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга катышуу үчүн алардын сыртка чыгуу мүмкүнчүлүгү макулдашылды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилиги билдирди.
Ага ылайык, элчилик жана башкы консулдукта каттоодо турган жарандар шайлоо тилкелерине тоскоолдуксуз келе алат.
"Бул уруксат Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы Элчилигиндеги Анкара шаарынын №9036 шайлоо участкасынын шайлоочулар тизмесинде катталган жарандар үчүн жарактуу. Жарандар өзүн элчиликтин шайлоочулар тизмесинен текшере алышат. Шайлоо 10-январда саат 08:00дөн 20:00гө чейин Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы Элчилигинде өткөрүлөт", - деп жазылат маалыматта.
Шайлоого катышуу үчүн Кыргыз жаранынын ички паспорту (ID-карта) же жалпы жарандык паспорту (загранпаспорт) болушу керектиги эскертилет.
Белгилей кетсек, Түркияда 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлгөн. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок жашоочулар үйүнөн чыкпоого тийиш.

