super.kg logo

Автономерлерди фиксациялоо камералары бир апта ичинде бардык өткөрүү пункттарында ишке киргизилери айтылды

 

Бир апта ичинде автономерлерди фиксациялоо камералары бардык өткөрүү пункттарында ишке киргизилип, "Бириккен пост" тутумуна интеграцияланат. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында "Чоң Капка" көзөмөл-өткөрүү пунктуна барганда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдайт.

"Түндүк" мамлекеттик ишканасына тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте бир жума ичинде республиканын аймагындагы бардык өткөрүү пункттарында автономерлерди фиксациялоо камераларын ишке киргизүү маселесин чечүү тапшырмасы берилди.

Бул жүк ташуучу унаа транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга мүмкүндүк берет. Биздин аймагыбызга киргизилип жаткан ар бир товардын бирдиги эсепке алынмайынча, аткезчилик менен натыйжалуу күрөш болбойт", - деген Артём Новиков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: