super.kg logo
  Саясат  

Артём Новиков Таласка болгон сапарында айрым кызматтардын ишине сын-пикирин билдирди

 

Мен чек ара кызматынын маалыматы салык кызматынын маалыматынан айырмаланып чыгып жаткандыгына таң калган жерим жок. Мындай пикирди премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Чоң Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барганда билдирген.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан берген маалыматка ылайык, Артём Новиков көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагын кыдырып чыккан соң айрым кызматтардын ишине сын-пикирин айткан.

"Мен чек ара кызматынын маалыматы салык кызматынын маалыматынан айырмаланып чыгып жаткандыгына таң калган жерим жок. Жүк ташуучу транспорт салык кызматкерлерине жетпей калат, анткени мында кеңири өтүүчү жол бар. Жаңы эле биздин унаанын алдында бензовоз салык текшерүүсүнөн кыйгап өттү. Ушул жерге жүк ташуучу транспорт үчүн тыюу салуучу белги коюп, номерлерди эсепке алуу тутумун орнотуп койсо эмнеге болбосун.

Жүк ташуучу унаалар биздин посттордон кыйгап өтүп, биз ага эч кандай көңүл бурбасак, биздин кылып жаткан ишибиздин эч кандай натыйжасы болбойт", - деп белгилеген өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Артём Новиков кыска мөөнөттө автономерлерди фиксациялоо тутумун орнотуп, өтүүчү жолдун жазылыгын кыскартып, «Бириккен постту» кыйгап өтпөшү үчүн жүк ташуучу транспортко тыюу салуучу жол белгисин орнотууну тапшырганы маалымдалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: