super.kg logo

Садыр Жапаров: "Акыл-эс, абийир жана чын жүрөк менен шайлоону таза өткөрүү керек!"

 

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун

КАЙРЫЛУУСУ

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Кымбаттуу достор!

10-январь күнү биз өлкөбүздүн жашоосундагы эң маанилүү чечимди кабыл алабыз!

Бул күн биз үчүн өлкөдө көптөгөн жылдардан бери кыйынчылыктардан арылууну көздөгөн, асыл тилекти орундатуудагы эң маанилүү күн болуп калмакчы!

Баарыңыздар шайлоого келиңиздер!

Ар бириңиздер, өз тандооңуздарды жасайсыздар!

Кандай өлкөдө жашайсыздар чечим сиздерде!

Кандай бийликти каалайсыздар? Күчтүү бийликтиби? Адилет жана элдик, бардыгыбыз үчүн жоопкерчиликти ала турган бийликтиби?

Же мыйзамсыздык, коррупция, жоопкерчиликсиздик жана саткынчылык өкүм сүргөн жашоого кайра кайтып баргыңыздар келеби? Башаламандык менен жакырчылыктан кутулгуңуздар келбейби?

Ар бирибиз – өз тандообузду жасашыбыз керек!

Биздин эртеңки келечек кандай болот – ар бирибиз жоопкербиз! Өлкөнүн тагдырын чече турган жана чечкиндүү аракетке бара алган адамды тандап алууга биз гана укуктуубуз!

Элдин тагдыры, балдарыбыздын тагдыры, эртеңки келечек ар бирибиздин колубузда!

Сиздер өз жүрөгүңүздөр менен, акыл-эс жана абийирди бийик коюп, акыйкат тандоо жасоого тийишсиздер!

Сиздердин ар бириңиздер, мен да, бардыгыбыз жаңыланууну күтүүдөбүз!

Биз жашообузду жаңы барактан баштоого татыктуубуз!

Биздин мамлекетти ондогон жылдар бою каалагандай тоношуп, талкалап келген эски коррупциялык түзүмдөргө жол бербеңиздер!

Биздин жаңыланууга болгон укугубузду тартып алгысы келгендерге ишенбегиле!

Биз жарандарыбыз үчүн ак иштей турган бийликти тандоого мүмкүнчүлүк алдык!

Алдыбызда турган сыноолордон ынтымак менен бирге өтө алабыз.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Алдыдагы жаз айларында бизди олуттуу сыноолор күтүп турат.

Биз кризистен чыгып, жаңылануу жана гүлдөп өнүгүү жолуна түшүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек!

Шайлоодо ким утуп чыкпасын, биз жаңы шайланган президенттин тегерегине чогулуп, аны колдоого алуубуз абзел!

Эртең кандай өлкөдө жашайбыз, ар бирибиз жоопкербиз!

Шайлоого келиңиздер!

Өзүңүздөрдүн жана балдарыңыздардын келечеги үчүн, мекенибиздин тагдыры үчүн добуш бериңиздер!"

Аткаруучу: «SUPER.KG» ; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш. Жибек-Жолу көч 381. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы: 1. 2021-жылдын 8-январында даярдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: